Site icon Reporter.kg

Круиздик кемесинде коронавирус жуктурган кыргызстандык жигит айыкты

Жапониядагы Diamond Princess круиздик кемесинде коронавирус жуктуруп алган кыргызстандык жигит айыкты. Бул тууралуу Өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда ал ооруканадан чыгарылып, Токио шаарында жүрөт.

Өкмөттүн коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында Кыргызстандын аймагында 2-мартка карата коронавирус жуктурган факт катталбаганы айтылды.

Exit mobile version