Site icon Reporter.kg

“Крыша” болсоңор, чара көрөбүз. Президент чиновниктерге эскертти

“Крыша” болуу деген түшүнүктү такыр жок кылып жатабыз, деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда министрлер кабинетинин жыйында.

Анын айтымында, “крыша” болгон чиновниктерге катуу чара көрүлөт.

“Урматтуу министрлер, бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери, аймак жетекчилери, сиздерге катуу эскертерим: Кимде-ким туура эмес иштерге аралашып, бирөөлөргө «крыша» болуп, же мамлекетке каршы иштердин аркасында турчу болсоңуздар, эч кимиңерди ушул кезге чейинки кылган бардык сиңирген эмгегиңерге карабайбыз! Өтө катуу жана катаал чараларды көрөбүз. Биздин мамлекетте коом өтө ачык, эч нерсени жаап-жашыра албайсыңар. Текшерүүчү органдардын оозун жапканыңар менен эл өзү ачыктап, туура-туура эместигин териштирип, алаканыбызга салып берет”, — деди президент.

Ошондой эле, ал жыйынга катышып жаткан жетекчилерге кайрылып: “биз кабыл алынган чечимдердын бардыгы сиздердин колдон жалпыланып, анан кабыл алынат. Алар элдин жакшы жашоосуна да, түйшүккө малынышына да түрткү болот. Ошондуктан жакшылап терең ойлонулган чечимдердин болушу шарт. Жети өлчөп, бир кесип анан кабыл алып туралы”, — деди.

Exit mobile version