КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов ИИМге суракка чакырылды

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов ИИМге суракка чакырылды

Жарандык активист, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов Ички иштер министрлигине суракка чакырылды. Бул тууралуу Турдукулов өзү кабарлады. Анын айтымында, 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуялар боюнча сурак берет.

Ал бүгүн, 23-августта саат 17.00гө суракка барды.

Белгилей кетсек, 7-8-августта Кой-Таштагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди  кармоо операциясында жүздөн ашык адам жаракат алып, УКМКнын “Альфа” тобунун 6 жоокери барымтага алынып, бир офицер октон каза болгон.  “Адамды барымтага алуу”, “Массалык башалмандык уюштуруу” жана “Кылмышка катышуу” беренелери боюнча бир нече адам камакка алынган.

Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрга чейин УКМКнын Тергөө абагына камалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>