Site icon Reporter.kg

Ксения Бельдягина алгачкы кармашында жеңишке жетти

Дзюдо боюнча кыргызстандык балбан кыз Ксения Бельдягина Бишкекте өтүп жаткан Азия жана Океания чемпионатындагы алгачкы кармашында Гонконгдук Нок Лам Ёнгду жеңди.

Ал кийинки кармашында кореялык балбан менен күрөшөт.

Белгилей кетсек, бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында Азия жана Океания чемпионатына старт алды.

Алгачкы мелдеш күнүндө мырзалар арасында 60 жана 66 килограмм салмактагы балбандар күрөшөт. Ал эми кыз-келиндер арасында 48, 52 жана 52 килограмм салмактагылар килем үстүнө чыгат.

Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында 30 өлкөдөн келген 215 балбан 15 комплект медаль үчүн күрөшөт.

 

Exit mobile version