Site icon Reporter.kg

Ксения Собчак Орусиядан чыгып кетти

Журналист Ксения Собчак укук коргоо органдарынын куугунтугунан качып, шейшембиден шаршембиге караган түнү Орусиядан Литвага өткөн.

Кечээ ал интернет аркылуу Дубайга, андан кийин Түркияга авиа билеттерди сатып алганын кабарлаган.

«Ал оперативдүү кызматкерлерди чаташтыруу үчүн ушундай кылган. Жыйынтыгында ал Беларус аркылуу Литвага кирген«, — деди ТАСС агенттигине тергөөнүн өкүлү.

Анын айтымында, тергөөчүлөрдүн колунда Собчакты кармоо боюнча тергөөчүнүн чечими болгон, бирок ал качып кетүүгө үлгүргөн.

Собчак өзүнүн компаниясынын коммерциялык директору Кирилл Сухановдун кармалганы тууралуу маалыматты өзүнүн Telegram каналында тастыктады.

Орусиядагы президенттикке мурдагы талапкер Ксения Собчак телеграмдагы жаңылыктар каналдарынын тармагын жана подкаст студиясын камтыган «Осторожно, Media» долбоорун жетектейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version