КТРКнын байкоочу кеңешине жаңы төрага шайланды

КТРКнын байкоочу кеңешине жаңы төрага шайланды

КТРКнын байкоочу кеңешине Кубат Болотканов төрага болуп шайланды. Бул тууралуу “Репортерго” байкоочу кеңештин мүчөсү Азамат Болгонбаев билдирди.

“Буга чейин байкоочу кеңешти убактылуу төрайым башкарып келген. Өзүңүздөр билгендей жакында сынак менен КТРКга жаңы жетекчи дайындалат. Мына ушул иштер талашсыз легитимдүү болуусу үчүн бүгүн байкоочу кеңештин төрагалыгына шайлоо өттү. Ага эки талапкер; Тимур Алкожоев жана Кубат Болотканов катышты. Натыйжада Кубат Болотканов утуп чыкты”, — деди Азамат Болгонбаев

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>