КТРКнын Байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы Жыпар Жекшеев каза болду

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы Жыпар Жекшеев каза болду

Коомдук биринчи каналдын (КТРК) Байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы Жыпар Жекшеев бүгүн түндө каза болду. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдирди.

Жакындарынын айтымында, ал Бишкектеги улуттук госпиталда COVID-19 илдетине байланыштуу дарыланып жаткан кезинде, 21-июлга караган түнкү саат 1:30дун тегерегинде үзүлгөн.

Жыпар Жекшеев 1947-жылы 26-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу кыштагында туулган.

Жекшеев Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн күрөшкө бараандуу салым кошкон атуул, “Ашардын” жана КДКнын негиздөөчүлөрүнүн бири, коомдук ишмер болгон.

Маркумдун акыркы кызматы 2017–2019-жылдары КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү жана төрагасы болуп иштеп, өз ыктыяры менен бул коомдук жумуштан кеткен.

Reporter.kg  маалымат агенттигинин эмгек жамааты Жыпар Жекшеевдин көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>