КТРКнын Байкоочу кеңешинин жыйыны өттү

КТРКнын Байкоочу кеңешинин жыйыны өттү

Бүгүн, 1-апрелде Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу «Репортёрго» өздүк булак билдирди.

Мындай маалыматты Байкоочу кеңешинин маалымат кызматынан тастыктап, бирок эмне маселе каралганын айткан жок.

Ал эми Байкоочу кеңештин төрагасы Кубат Болотканов жана өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Белгилей кетсек, 24-мартта президенттин пресс-катчысы Галина Байтерек КТРКнын башкы директорунун орун басары Жылдыз Уракуновага нааразычылыгын билдирип, телеканалдын байкоочу кеңешине кайрылуу жасаган.

Ал өз кайрылуусунда Садыр Жапаровдун «Жерүй» алтын кенине болгон сапары учурунда Уруканова орой мамиле жасаганын билдирип, директордун орун басарына чара көрүүнү суранган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>