Кубакы ашуусунда жеңил унаа оодарылып, 25 жаштагы жигит каза тапты

Кубакы ашуусунда жеңил унаа оодарылып, 25 жаштагы жигит каза тапты

Кубакы ашуусунда жеңил унаа оодарылып, 25 жаштагы жигит каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 7-сентябрь күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 175-чакырымы, Кубакы ашуусунда болгон. Анда “Volkswagen Polo” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1995-жылы туулган каза болгон. 

Окуя болгон жерге барган ӨКМнын куткаруучулары маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>