Кубанычбек Нурматов: Аймактарда жер аз, биз көп кабаттуу үйлөрдү курууну сунуштайбыз

Кубанычбек Нурматов: Аймактарда жер аз, биз көп кабаттуу үйлөрдү курууну сунуштайбыз

«Кыргызстан» партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кубанычбек Нурматов Ош облусунун Араван районунун шайлоочулары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө райондун жашоочуларынын негизги көйгөйлөрү ичүүчү жана сугат суунун жетишсиздиги экенин айтышты. Шайлоочулар ошондой эле аталган аймакка футболдук стадион курууну суранышты.

Өз кезегинде Кубанычбек Нурматов  партиянын «Эл үчүн» деген программасында көптөгөн маселелерди чечүү жолдору бар экенин баса белгилеп, «Кыргызстан” партиясынын Араванга жасай турган иштери көп экенине токтолду.

«Аймакта жер аз болгондуктан, биз ушул жерге 5-9 кабаттуу үйлөрдү курууну сунуштайбыз. Долбоорду 2 жылдын ичинде бүтүрсө болот. Жергиликтүү банктар 10 жылга ипотекалык насыя берүүгө даяр. Ошол эле учурда, баасы мугалимдерге дагы, дарыгерлерге дагы жеткиликтүү болот», — деп белгиледи К.Нурматов.

Ошондой эле талапкер шайлоочуларга кайрылып, эгер өлкөдө өнүгүп-өсүү болсун десеңиздер жана жаркын жашоону кааласа «Кыргызстан» партиясын тандоолору керектигин белгиледи.

[su_image_carousel source=»media: 40211,40212,40214,40215,40213″ crop=»none» autoplay=»4″]

Шайлоочулар партиянын программасын колдоп, анын Жогорку Кеңеште өтөөрүнө ишенимин билдиришти.

Белгилей кетсек, «Кыргызстан» саясий партиясы «Эл үчүн» программаны сунуш кылат. Ал программада турмуштун эң маанилүү тармактары камтылган жана өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча орто жана узак мөөнөттүү стратегияларды камсыздай алат. Бул программаны аткарууда партия төмөнкүдөй максаттарды алдыга коюп жатат:

  • Экономика саясатка караганда маанилүү
  • Социалдык чөйрө — ар бир үй-бүлөдөгү жыргалчылык
  • Маданият жана билим — бул элдин баалуулугу
  • Натыйжалуу эл аралык саясат
  • Коопсуздук жана мыйзамдын үстөмдүгү.

[su_note note_color=»#7c2fcd» text_color=»#ffffff» radius=»0″]“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 08.09.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а.[/su_note]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>