Кубанычбек Жумалиев 1 млрд сом төгүп, үй камагына чыкты

Кубанычбек Жумалиев 1 млрд сом төгүп, үй камагына чыкты

Депутат Кубанычбек Жумалиев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Кубанычбек Жумалиевге каршы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинде жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандоо үчүн жетиштүү далилдер алынганы айтылат.

Учурда Кубанычбек Жумалиев өз ыктыяры менен бюджетке 1 миллиард сомдон ашык акча каражатына бааланган коммерциялык активдерди жана кыймылсыз мүлктөрдү мамлекетке өткөрүп берген.

Буга байланыштуу тергөө тарабынан Жумалиевдин улгайган курагын жана ден соолугунун абалын эске алуу менен 12-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага карата сырт жакка чыкпоо жөнүндө баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтирген.

Белгилей кетсек,  4-февралда депутат Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, коррупцияга шектелгени белгилүү болгон.

Ал эми соттун чечими менен<span;> 14-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>