Баткен облусунун жашоочулары биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов алар менен жолугушпай кеткенине нааразы болушту. Бул тууралуу видео «Сейчас.kg» телеграм каналына жарыяланды.
«Биздин жоокерлер чек араны жана элди коргоо үчүн эмес, вице-премьер министр Бороновду коргоо үчүн келишкен. Ал эми Боронов эл менен жолукпай, элдин көйгөйлөрүн укпай, Өзбекстандын министри менен эле макулдашууга келиптир», — деп жазышат тургундар.
Кечээ, 31-майда Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Чечме айылындагы кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек жеринде чыр чыккан.