Мурунку премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигиндеги өздүк булактар билдирди.
Боронов учурда ооруканада экени такталды. Ал пневмония менен жабыркап жатат, бирок анын абалы канааттандырарлык.
Белгилей кетсек, өткөн суткада коронавирус инфекциясынын 420 жаңы учуру аныкталган.