“Кулакка тээп”, “Лапшаны илип” – Спикердин сүйлөгөн сөзү талкууга түштү  — видео

“Кулакка тээп”, “Лапшаны илип” – Спикердин сүйлөгөн сөзү талкууга түштү   — видео

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун парламент жыйынында сүйлөгөн сөзү талкууга түштү.

27-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Жайыттар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралган. Мыйзам долбоорду алып келген Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин жообуна канааттанбаган төрага аны төмөндөгүдөй сөздөр менен тилдеген.

“Жомок айткандай болуп жатасыз, биз силерге реальный вопрос берип жатабыз. Биз бул жерде кукурузу не охраняем. Сиздер бул жерге бизди кулакка тээп, лапшаны илип кете турган ахывалдан кетиңиздер. Мыйзамга келип жатасыңарбы, ар бир мыйзамды күнү-түнү окусаңар да түшүндүргүлө. Биз силердиен башка нерсе талап кылган жокпуз да, кийимиңерди чечип алып, чачыңарды алып койгон жокпуз да. Элдин жүрөгүнө киргиле”, — деди Жумабеков.

Учурда төраганын сүйлөгөн сөзүн социалдык тармактын колдонуучулары кызуу талкууга алып жатат.

Буга чейин Дастан Жумабековдун ыр саптары талкуу жараткан. Ал  пресс-конференция өткөрүп жатып автору өзүм деп журналисттерге ыр окуп берген. Кийин ал ыр акын Зайырбек Ажыматовго таандык экени белгилүү болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>