Кулов: Эгер жаңы Конституция кабыл алынса Түркмөнстан болобуз

Кулов: Эгер жаңы Конституция кабыл алынса Түркмөнстан болобуз

Коомдук талкууга коюлган Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынса Кыргызстан 30 жылга артка кетет. Мындай пикирин “Репортерго” мурдагы премьер-министр Феликс Кулов билдирди. 

Ал сунушталып жаткан Конституциянын жаңы долбооруна караманча-каршы экенин, анткени ал Кыргызстанга диктатура алып келерин айтат.  

Конституциянын долбоорунда демократияны жокко чыгарган башкаруу системасынан сырткары, ичинде карама каршылыктар өтө көп дейт Кулов.

“Өтө көп туура эмес беренелер бар. Биринчиси өкмөттүн абалы, анда президент өкмөттү башкарат деп жазылган. Бирок ошол эле учурда өкмөт башчы премьер — министр бар деп жазылып турат. Ким башкарат өкмөттү түшүнүксүз.

Өкмөт башчынын эч кандай укугу жок экен. Эки ыйгарым укугу бар экен, отставкага кетүү тууралуу сурана алат жана президент мөөнөтүнөн мурун кызматтан кетсе анын милдетин аткарат. Ушуну менен бүттү башка эч бир ыйгарым укуктары жок.

Курултай тууралуу айтсак, ал чечим кабыл ала алганы менен бирок аны сунуш катары гана бере алат экен.

Курултай кайсы бир өкмөт мүчөсүн кызматтан алуу боюнча сунуш киргизе алат, бирок мындай укук парламентте жок. Парламент өкмөт мүчөлөрүн дайындап гана бере алат. Бирок аларды кайра чакыртып алуу, кызматтан алуу функциялары жок. Курултай да болгону сунуш гана киргизе алат. Курултайды чакыруу укугу президентте гана бар экен, башка эч ким чакыра албайт экен.  Мындай башаламан Конституцияны биринчи жолу көрүп жатам”, — дейт Кулов. 

Мындан сырткары ал аталган Конституция Кыргызстанды демократиялык өлкө катары жок кыларын айтат. 

“Бул Конституция кабыл алынса Түркмөнстан болобуз. Аларда маслихат бар, бизде курултай. Туура айтып жатышат эгер бул кабыл алынса 30 жылга артка кетебиз”, — дейт Кулов. 

Мурунку өкмөт башчы бул Конституциянын жаңы долбоору референдумдан өтүүгө мүмкүнчүлүгү өтө төмөндүгүн айтат.

“Конституциянын долбоорун депуттардын үчтөн экиси, сексен депутат демилгелеши керек. Азыр бул долбоорду колдогон депутаттардын бири баш тартканын айтышууда, 79 депутаттын демилгеси жарабайт. Депуттартын бири баш тартканы чын болсо, демек, демилге эми эле негизсиз десек болот.  Референдум өтсө деле акыл эси жайында адамдар колдобойт, кошоматчылар эле колдобосо. Күч менен эле өткөрүшпөсө башка жол жок”, — дейт Кулов.

Белгилей кетсек, Конституциянын жаңы долбоору 17-ноябрда парламенттин расмий сайтына жарыяланды. Анын демилгечилери катары 80 депутаттын аты жазылган.

Долбоордогу негизиги өзгөрүүлөр : Элдик Курултай институту түзүлөт.  Президент өз ыйгарым укуктарын аткаруу менен бирге өкмөттү дагы жетектейт. Ал 5 жылдан 2 мөөнөткө шайланса болот. Жогорку Кеңештин депутаттары 90го азаят ж.б.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>