Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы “Оюн ишмердүүлүгүнө салыктын ставкасын белгилөө жөнүндө” токтомдун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Бул тууралуу Финансылык көзөмөлдүн сайтында маалымдалды.
Долбоордун негизги максаты – кумар оюндарына салыктын ставкаларын төмөндөтүү.
Долбоордо төмөнкүдөй салык ставкаларын белгилөө сунушталат:
1 оюн столу (1 флот) казино үчүн:
- 2022-жылы — 450 миң сом (азыр 750 миң сом);
- 2023-жылы — 600 миң сом (азыр 1 млн. сом);
- 2024-жылдан баштап — 750 миң сом (азыр 1 млн 250 миң сом);
оюн автоматтары жана компьютердик симуляторлор залынын 1 оюн автоматы үчүн:
- 2022-жылы — 10 миң сом (азыр 50 миң сом);
- 2024-жылы — 15 000 сом (азыр 75 000 сом);
- 2024-жылдан баштап — 20 000 сом (азыр 100 000 сом).
Биздин Телеграм каналга катталыңыз