Site icon Reporter.kg

Кумтөр кенинде жоголгон кызматкерлери табыла элек

Кумтөр алтын кенинде жер көчкүдөн кийин дайынсыз болуп изделип жаткан эки жумушчу табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Учурда издөө иштерине 94 куткаруучу жана 37 оор техника тартылган. Куткаруучулардын аракетине карабастан издөө иштеринен майнап чыга элек.

Эске сала кетсек, Кумтөрдүн Лысый өрөөнүндөгү жараксыз жер катмары 1-декабрь көчүп түшкөн. Көчүп түшкөн  катмардын узуну 450 метр, туурасы 570 метр, бийиктиги 50 метр, жалпы көлөмү 12 миллион 825 миң метр куб.

Изделип жаткан жумушчулар  так ошол жер көчкүнүн астында калышкан. Алар тоо-кен бөлүмүнүн мастери 35 жаштагы Өмүрбек Ишенбеков менен бульдозердин айдоочусу 47 жаштагы Жолдош Жунушев экени аныкталган.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган болчу.

Exit mobile version