Кумтөр алтын кенинде ишти улантууга уруксат берилди

Кумтөр алтын кенинде ишти улантууга уруксат берилди

«Кумтөр Голд» компаниясы тоо-өндүрүш иштерин улантууга уруксат алды. Бул тууралуу Тоо-металлургия кесиптик кошуундарынын борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев билдиргенин «Азаттык» жазды.

Тажибаевдин айтымында, ишкана 2020-жылга Кумтөр кенинде тоо иштерин жүргүзүү планын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет менен макулдашты.

Кен чыга турган №3 жайдагы авариядан кийин бош тоотек эми «Чоң-Сары-Төр» жана «Кичи-Сары-Төр» тилкелерине төгүлмөй болду.

«Учурда компания тоо-өндүрүш иштерин кайра улантууга даярдык көрүп жатат. Жумушсуз отурган 500 адам кезмет боюнча ишке киреше баштайт», — деди Тажибаев.

2019-жылдын 1-декабрында Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөндө ал жерде иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголгон. Аларды издөө 9-январда токтотулду.

Ушул окуяга жана иштөөгө уруксат жоктугуна байланыштуу быйыл 3-январда кен чыгуучу жерде иш расмий түрдө убактылуу токтотулган болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>