Кумтөр кенинде дайынсыз болуп изделип жаткан эки кызматкердин унаасы табылды

Кумтөр кенинде дайынсыз болуп изделип жаткан эки кызматкердин унаасы табылды

Кумтөр алтын кениндеги жер көчкүдөн кийин дайынсыз болуп изделип жаткан эки жумушчунун унаасы табылды. Бул тууралуу «Акипресс» өздүк булактарына таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, эки кызматкерге тиешелүү болгон унаа 25-декабрда саат 23:00 чамасында табылган. Ичинде дайынсыз болуп жаткан кызматкерлер бар деп болжолдонуп жаткан. Бирок унаанын ичинде эч ким болгон эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган факт боюнча маалымат берүүдөн баш тарткан. Учурда издөө уланууда.

Издөө иштерине 100дөн ашык куткаруучу, 60ка жакын оор техника тартылса да кызматкердердин сөөгү 1-декбардан бери табыла элек.

Эске сала кетсек, Кумтөрдүн Лысый өрөөнүндөгү жараксыз жер катмары 1-декабрь көчүп түшкөн. Көчүп түшкөн  катмардын узуну 450 метр, туурасы 570 метр, бийиктиги 50 метр, жалпы көлөмү 12 миллион 825 миң метр куб.

Изделип жаткан жумушчулар  так ошол жер көчкүнүн астында калышкан. Алар тоо-кен бөлүмүнүн мастери 35 жаштагы Өмүрбек Ишенбеков менен бульдозердин айдоочусу 47 жаштагы Жолдош Жунушев экени аныкталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>