Кумтөр кенинде көчкүнүн алдында калган эки кызматкерди издөө иштери токтотулду

Кумтөр кенинде көчкүнүн алдында калган эки кызматкерди издөө иштери токтотулду

Кумтөрдө жоголгондорду издөө токтогонун жана дайынсыз жоголгондорго жаназа окула турганын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдиргенин «Би-Би-Си» жазды.

Кумтөрдө мындан 40 күн мурун (1-декабрь 2019-жылы) тоо кен бөлүмүнүн мастери О. Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Ж. Жунушев дайынсыз жоголгон.

«Жоголду делген төрт техниканын баары табылды. Мындан сырткары ошол жерде калды делген башка буюм-тайымдар чыкты. Мүмкүн болгон жердин баарын түбүнө чейин каздык. Колдон келген аракеттин баарын жумшадык. Акырында издөө иштери токтотулуп, ушундай чечим болду. Жоголгон эки жумушчунун туугандары дагы макулдугун берди. Компаниянын өз эрежелерине ылайык, эми алардын үй-бүлөсүнө компенсация төлөнүп берилет. Ал жагынан эч маселе жок. Бирок, канча өлчөмдө экени мага белгисиз. Аны компания менен профсоюзу чечет экен. Биз издөө иштерине техника, Канададан алынып келинген атайын жабдуунун баарын колдондук. Бирок жумушчулардан такыр эле дайын-дарек жок. Эң болбоду дегенде кийим кечеги, баштарына кийген коргоочу каскалары табылабы деп үмүт кылганбыз. Бирок эч кандай натыйжа болгон жок»-деди Калыс Ахматов.

Эске сала кетсек, Кумтөрдүн Лысый өрөөнүндөгү жараксыз жер катмары 1-декабрь көчүп түшкөн. Көчүп түшкөн  катмардын узуну 450 метр, туурасы 570 метр, бийиктиги 50 метр, жалпы көлөмү 12 миллион 825 миң метр куб.

Изделип жаткан жумушчулар  так ошол жер көчкүнүн астында калышкан. Алар тоо-кен бөлүмүнүн мастери 35 жаштагы Өмүрбек Ишенбеков менен бульдозердин айдоочусу 47 жаштагы Жолдош Жунушев экени аныкталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>