Site icon Reporter.kg

Кумтөрдө экскаватор айдаган  жумушчу  көлмөгө чөгүп каза болду

Кумтөр алтын кенинде экскаватор айдаган  жумушчу Петров көлүнө жакын жердеги көлмөгө түшүп кетип каза болду.

Бул тууралуу Reporter.kg`ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова  билдирди.

«Кырсык кечээ болгон болгон. Бүгүн куткаруучулар экскаваторду көлмөдөн чыгарышканда, жумушчунун сөөгү экскаватордун ичинен табылыптыр», — деди Шерипова.

Буга чейин жергиликтүү басылмалар Кумтөр кенинде экскаватор айдоочусу менен кошо алтын кенге жакын жердеги Петров көлүнө чөгүп кеткенин жазышкан.

Exit mobile version