Site icon Reporter.kg

“Кумтөр Голд Компанинин” мурдагы аткаруучу директоруна издөө жарыяланды

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан “Кумтор Голд Компани” ЖАКдагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында, аталган коомдун мурдагы аткаруучу директору К.Курмановго Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (“Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу”) менен айыбы угузулуп, камакка алуу бөгөт чара тандалып, айыпталуучу Канат Курмановго издөө жарыяланды.

Кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.

Айрым маалыматтарга ылайык,  Канат Курманов “Кумтор Голд Компани” ишканасына аткаруучу директор болуп 2022-жылдын январь айында дайындалган.

Эскерте кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган. Теңиз  Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы каралып, сот тарабынан эки айга камакка алуу чечими кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version