“Кумтөр” кени штаттык тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө учурунда кызматкерлер коопсуздук чараларын толук аткарышкан.
“Кенде жабыркагандар жана бузулуулар жок. Иш кадимки тартипте жүрүүдө”, — дейт «Кумтөр Голд Компани».
Белгилей кетсек, ӨКМдин маалыматында, түнү болгон жер титирөөнүн Кыргызстанда эң жогорку баллы “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында катталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз