Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйынында Кумтөр алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын иликтөө жыйынтыгы угулуп, алардын иштөө мөөнөтү дагы 3 айга узартылды.
Мындай чечим парламенттин 17-майда өткөн кезексиз жыйынында кабыл алынды.
Ошондой эле Кумтөр убактылуу тышкы башкарууга өттү. Эми компания министрлер кабинетинин жетектөөсүндө иш алып барат.