Site icon Reporter.kg

Кумтөрдүн иши текшерилип, бир катар кылмыш иштери козголду

Башкы прокуратура тарабынан «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун иши текшерүүгө алынды.

Аталган ведомсвтонун маалыматына караганда, текшерүүнүн жыйынтыгында Кумтөргө тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомду башкаруу органдарында мыйзам бузуу фактылары аныкталып, бир катар кылмыш иштери козголду.

“Алдын ала эсептөө боюнча аталган коомдун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени аныкталды”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин «Кумтөр» кенинде мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржылык мыйзам бузууларды аныкталган. Анын алкагында, Теңгиз Бөлтүрүк менен ишкананын каржы директору Рыспек Токтогулов иштен алынган. Анын ордуна аталган компанияда 20 жылдан ашык убакыт эмгектенген Алмаз Барыктабасов дайындалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version