Site icon Reporter.kg

Кунтуу — Шопоков — Бишкек жолун оңдоп-түздөө иштери башталды

Кунтуу – Шопоков – Бишкек жолун оңдоп-түздөө боюнча иштер башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Аталган жол кеңейтилип, 4 тилкелүү жол болот. Ошондой эле кыйылган бактардын ордуна экиден дарак отургузулат. Учурда жолдун 6 чакырымы оңдоло баштады.

Exit mobile version