Site icon Reporter.kg

Курал уурдап саткан киши кармалды

Эркек киши курал сатып жүргөнү тууралуу маалымат Москва районунун ички иштер бөлүмүнө түшкөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө курал-жарак сатуу фактысы тастыкталып, Чүй ОИИБдин ИИБнын жана Москва РИИБнин кызматкерлери тарабынан 55 жаштагы Ц. А. кармалды.

Кармалган киши 16 калибрлүү бир октуу куралды сатканы белгилүү болду

Ал Москва районунун Беловодское айылындагы базардан ТОЗ маркасы жана ага 2 ок-дары. Ошондой эле, ал жогорудагы куралдарды Чүй облусунун Панфилов районундагы сарайлардын биринен уурдап кеткени тергөөдө аныкталган.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Exit mobile version