Курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкери пара менен кармалды

Курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкери пара менен кармалды

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, УКМК Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен дагы бир коррупциялык схеманы аныктаган.

Анда аталган агенттиктин кызматкерлери курулуш компанияларынан мыйзамсыз акчалай сыйакыларды алуу үчүн атайын тоскоолдуктарды жаратып, 500 доллардан 5 000 долларга чейин пара алып келишкен. 

Кечээ, 14-январда аталган агенттиктин ага инспектору кезектеги параны алып жатып кармалган. 

Учурда иликтөө иштери уланып, башка да жооптуу кызматкерлердин тиешеси бар жогун тактоо боюнча иштер жүрүүдө. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>