Курман айтка байланыштуу кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, быйыл Курман айт 9-июлда өтүп, ишенбиге туура келет. Эмгек кодексине ылайык, майрам күн дем алышка туш келсе, кийинки дүйшөмбү эс алуу күнү болуп саналат.
Мындан улам кыргызстандыктар 9-10-11-июль күндөрү эс алышат.