Site icon Reporter.kg

Курман болгон аскерлерге «КР Баатыры» наамын берүү сунушталды

Тажикстандын агрессиясынан улам Лейлек районунда төрт аскер кызматкери жана жети жөнөкөй жаран каза болгон. Бул тууралуу 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева билдирди.

Анын айтымында, каза болгон аскер кызматкерлеринин жакындары ушул күнгө чейин кенемте алыша элек.

“Абдималик уулу Медет, Якубов Жаныбек, Набиев Алишер, Баратов Нурбек аттуу аскерлер каза болгон. Алардын жакындары бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттен компенсация албай келет. Болгону Баткен облусунун губернатору тарабынан  30 миң сом гана берилиптир. Ал эми соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы жок болгондуктан мамлекет тарабынан берилчү компенсация кечигип жатат. Бул жарандар согуш учурунда каза болгонун эске алып, алардын үй-бүлөлөрүн камкордукка алууну жана аскерлерге “Кыргызстандын баатыры” наамына берүүнү сунуш кылам”, — деди депутат.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган.

УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчылары, президенттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирген.

Куралдуу кагылыштын айынан Кыргызстан тараптан 63 киши, анын ичинде 50 аскер курман болуп, 206 адам ар кандай жаракаттарды алган.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version