Site icon Reporter.kg

Чек арада курман болгон Кулатбектин акыркы үн жазуусу — видео

Тажикстандын кол салуусунан улам окко учкан Кыргызстандын аскер кызматкерлеринин арасында прапорщик Кулатбек Абдисамат уулу да бар.

Ал Баткен районундагы Орто-Боз чек ара тозотунда кызмат өтөп жаткан. 16-сентябрь күнү ал кол салган жоо менен кармашып жатып курман болгон.

Кулатбек Абдисамат уулу менен салгылашта бирге болуп, жараат алган аскер Reporter.kg′ге маркум досу жана кармаш тууралуу айтып берди.

Кулатбек Абдисамат уулу башында турган аскерлер Үч-Дөбө тоосунда тажик аскерлеринин чабуулуна каршы туруп, салгылашкан.

«Саат 10:00до атышып баштаганбыз. Биз беш киши болчубуз. Атышып жатканда тажик аскерлери биздин айылдан өтүп, арттан келишти. Алар бизге жакындап келгендиктен, жакынкы салгылаш башталды. Болжол менен үч саат атыштык. Тигилер аткан снаряддын сыныгы мага жана бир балага тийди. Ал экөөбүз жакыныраак турганбыз. Биз кансырап, атыша албай калганда  Кулатбек Абдисамат уулу «Экөөңөрдөн кан көп кетип жатат, ылдый түшкүлө», — деди.

Тоодон ылдый шыпырылып түштүк. Ылдый түшкөндө калган үчөө атышып жаткан. Жарым сааттай атышышты. Биз сайдын ичинде жатканда ачуу үн чыкты. Ошондо аларды курчап келип атып салган болушу мүмкүн. Сайдын ичинде 21:00го чейин 8 саат жаттык. Эч ким келбегендиктен 21:00дордо Ак-Татыр айылынын жолуна чейин басып бардык», — деди ал. 

Аскерлер менен бирге чек араны коргоого чыгып, октон жарадар болгон Ак-Сай айылынын тургуну Азатбек Фахридинов мындай дейт:

«Ал аябай мекенчил, жакшы бала болчу. Сөзүнөн кайтпаган, бирөөнүн акысын жебеген адам болгон. Досум шейит кетти. Аларга катуу чабул болуптур. Балдар катуу туруштук берген. Бирок жардам барбай, ошол жакта окко учту. Кулатбек беш баланын башчысы болгон. Эки балага ок тийип, кан көп кеткендиктен аларды ылдый түшүрүптүр. Тажиктер тороп келип, аркы жагын атса берки, берки жагын атса аркы жагынан аткылоо болуп турган. Миномет менен аткылаган. Анын жанында болгон баланына айтымында, Кулатбек аягына чейин аткылашкан. Турган жеринен бир карыш жылбаптыр».

Кулатбек Абдисамат уулу 31 жашында Мекенин коргоп курман болду. Анын аркасында 5 баласы жана жубайы калды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version