Курманбек Бакиев Аскар Акаевге уулунун мезгилсиз дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу көңүл айтты

Курманбек Бакиев Аскар Акаевге уулунун мезгилсиз дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Аскар Акаевге уулу Айдардын мезгилсиз дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу көңүл айтты. Бул маалыматты Бакиевдердин үй-бүлөсүн жакындан тааныган журналист Аскат Тейит билдиргенин Vesti.kg сайты жазды.

Курманбек Бакиев Кыргызстандын туңгуч президентине сабыр тилеп, аза-кайгысын тең бөлүшөрүн билдирген.

«Кыргыз Республикасынын тунгуч президенти Акаев Аскар Акаевичке уулу Айдардын дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсү менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Аскар Акаевич, Майрам Дуйшеновна сабыр тилейм. Айдардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жараткан жар болуп, жанын жанатта кылсын! Терең кайгыруу менен , Бакиев Курманбек Салиевич», — деп жазылган кайрылууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>