13-майда Курманбек Бакиев Баткендеги каргашалуу окуяда жабыр тарткандарга акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу, социалдык тармактын колдонуучусу билдирди.
Анын айтымында, Бакиевдин атынан 89 үй бүлөгө 4 миллион 440 миң сом каражат таркатылган.
Ал эми “Репортёр” маалыматты тактоо үчүн өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүү менен байланышканыбызда аларга каражат түшпөгөнүн билдирди.
“Балким жеринде жеке адамдар таркатып берген болушу мүмкүн, бизге андай каражат түшкөн жок”, — дешти.