Site icon Reporter.kg

Курманбек Бакиевден маек алган Кадыр Кошалиев УТРКдан кетти

Журналист Кадыр Кошалиев мурдагы президент Курманбек Бакиевден алган чуулгандуу маегинен кийин Улуттук телерадиокорпорациясынын 1-каналынын кабарчысы кызматынан кетти. Бул тууралуу УТРКдан билдиришти.

“УТРКнын этика жана тартип комиссиясы атайын иликтөөлөрдү жүргүзүү менен корутунду чыгара электе, Улуттук телерадио корпорациясынын кабарчысы Кадыр Кошалиев корпорациянын атына көлөкө түшүргүсү келбей, өз каалоосу менен кызматтан кетти”, — деп билдиришти УТРКдан.

Маалым болгондой, маекти кабарчы корпорациянын жетекчилиги менен макулдашпай, өзүнүн жеке демилгеси менен тартып келген.

“Аны тартууга техникалык каражаттарды жана башка чыгымдарды жабууга каражатты Корпорация бөлүп берген эмес. Ошондой эле, бул берүүнү эфирге берүү планда каралган эмес. Ар бир эфирдик материал алдын ала макулдашылып, жетекчиликтин кароосунан өткөндөн кийин гана программага киргизиле тургандыгы жалпы коомчулукка маалым. УТРК жеке тараптардын жана топтордун кызыкчылыктарын коргоого албайт”, — деп айтылат маалыматта.

К.Кошалиев УТРКда көп жылдан бери эмгектенип, буга чейин деле түрдүү жанрдагы бир катар автордук программаларды эфирге чыгарып келген.

Бакиевден маек алган Кошалиевдин курултайдын төрагасы болууга укугу жок, — депутат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version