Site icon Reporter.kg

Курмангазы Азыкбаев маданий окуу жайдын жетекчилерин жекеме-жекеге чакырды  (ВИДЕО)

Бүгүн, 8-февраль күнү Кыргыз Республикасынын эл артисти Курмангазы Азыкбаев Маданият жана маалымат министрлигинин алдында балдары, неберелери менен биргеликте митингге чыкты.

Анын негизги талабы маданий жайлардын жетекчилерин кайрадан алмаштырып, креативдүү ой-жүгүрткөн өз тармагын тартып келе тургандарды алып келүү.

Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын жетекчисин мисалы катары алып, аталган окуу жайдын жетекчиси эч кандай ийгилик жарата албаганын белгилеп, аны жекеме-жекеге чакырды.

Ошондой эле мындан башка бир жерде көпкө отуруп маданий жайларга өзгөртүү киргизе албагандар өз ыктыярлары менен кетип калышы керектигин кошумчалады.

Эгерде бул талаптары аткарылбаса, маданий кызматкерлердин жоон тобу чыгаарын эскертти.

Reporter.kg Курмангазы Азыкбаевди маекке тартты. Маданиятты сүйгөн инсандын оргуштаган ойлорун ютуб каналдан толугу менен көрүңүз…

Exit mobile version