Башкы прокурор Курманул Зулушев отставкага кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиришти.
Анын кызматтан кетүүсүнүн себептери азырынча белгисиз.
Башкы прокуратура жана президенттик администрация азырынча маалыматты ырастай элек.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Курманкул Зулушевди Райымбек Матраимовго байланыштырып, анын отставкасын талап кылган.
Ал 2020-жылы Башкы прокурор болуп дайындалган.