Курсан Асанов үй камагына алынды

Курсан Асанов үй камагына алынды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагына алынды.

Мындай чечимди 27-августта кечинде, Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. 

Түшкө маал Курсан Асанов Аскер прокуратурасына сурак берүү үчүн кирип, беш саатка жакын убакыттан соң чыккан. 

13-августта Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов «милициянын кызыкчылыгын сатты” деп, ээлеген кызматынан бошотулган. Башкы прокуратура ага, “Атамбаевдин үйүнөн алынган баштыктагы  далил буюмдарды жана документтерди тергөөдөн жашырууга аракет кылган” деп айып таккан.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>