Курсан Асанов үй камагына чыкты

Курсан Асанов үй камагына чыкты

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыкты. Бул тууралуу ЖМКларга Курсановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирген. 

Анын айтымында, баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү тууралуу өтүнүч менен Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Башкы прокуратура кайрылган.

Бул маалымат боюнча Биринчи Май райондук сотуна кайрылганыбызда да Курсан Асановдун үй камагына чыкканын тастыкташты. 

5-9-октябрдагы Бишкектеги жапырт башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда кармалган Асанов 10-декабрга чейин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен камакка алынган эле.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>