Site icon Reporter.kg

Курсан Асанов эки айга камакка алынды

Ички иштер министрлигинин мурдагы орун басары Курсан Асанов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-октябрда чыгарды.

Ал Ала-Тоо аянтындагы болгон массалык башаламандык боюнча козголгон кылмыш иштердин алкагында 10-октябрда УКМК менен ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалган.

Курсан Асанов 6-октябрга караган түнү болгон башаламандыктан кийин өзүн ички иштер министринин милдетин аткаруучу жарыялап, министрликти жетектеп жаткан.

Exit mobile version