Site icon Reporter.kg

Курсан Асановдун жардамчысы үй камагына чыгарылды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жардамчысы Дамир Пайзилла уулу үй камагына чыкты. Мындай чечимди бүгүн, 17-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Ал Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынган.

Жактоочу Икрамидин Айткулов Курсан Асанов менен журналист Турсунбек Бейшенбековдун үй камагындагы мөөнөтү дагы эки айга узартылганын билдирди.

Курсан Асанов 8-август күнү экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында “милициянын кызыкчылыгын сатты” деп,  13-август күнү ээлеген кызматынан бошотулган. 27-августта ал  үй камагына алынган. Башкы прокуратура ага, “Атамбаевдин үйүнөн алынган баштыктагы  далил буюмдарды жана документтерди тергөөдөн жашырууга аракет кылган” деп айып таккан.

Дамирбек Пайзылла уулу 23-августта Курсан Асановко карата козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган. Ал Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына кылмыш ишке тиешеси бар документ жана башка буюмдарды мыйзамсыз өткөрүп берүүгө катышууга шектелип жатат.

Exit mobile version