Курсан Асановдун жубайы алдамчылыкка шектелүүдө

Курсан Асановдун жубайы алдамчылыкка шектелүүдө

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайы 5 миллион доллар алдамчылыкка айыпталууда. Асановдун жубайына карата козголгон кылмыш иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иш-аракеттер башталды.

 УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, У.К. аттуу жаран 2017-2018-жылдары А.О. аттуу жаранга жалпы ишкердикти жүргүзүү үчүн 5 миллион АКШ долларынан ашык суммадагы каражаттарды кайтарып берүүдөн баш тартууда.

УКМК алданып калган жаран чет өлкөлүк инвестор болгонун белгилеп, көрсөтүлгөн каражаттарды өлкөнүн керектүү долбоорлоруна өнүктүрүүгө жумшоону пландаштырган. Ошондой эле, жаран У.К. Кыргыз Республикасынын крезиденттигине талапкерлердин биринин жубайы.

Сотко чейинки өндүрүш тергөө амалдары жүргүзүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.

Булактардын айтымында, У.К. президенттикке талапкер Курсан Асановдун жубайы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>