Site icon Reporter.kg

Куршаб дарыясынан жаш келиндин жансыз денеси табылды

Куршаб дарыясынын жээгинен жаш келиндин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 25-30 жаштагы аял кишинин жансыз денеси Өзгөн районунун Лесхоз айылындагы Куршаб дарыясынын жээгинен кечээ, 24-декабрь күнү саат 16:00дөр чамасында  табылган.  Милицияга жансыз дене тууралуу 102 номуру аркылуу кабарлашкан.   

Окуя болгон жерге ӨКМнын куткаруучулары тартылып, аялдын жансыз денесин суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Exit mobile version