Site icon Reporter.kg

Курт-кумурска — арам. Муфтият кармин боегу кошулган азыктан оолак болууну сунуштайт

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы тамак-ашка колдонуучу кармин боегу боюнча оюн билдирди.

Муфтияттын айтымында, бул боюнча 157-аятта айтылат.

«Бардык ханафий аалымдар бир ооздон курт-кумурскаларды колдонуу арам деп белгилешкен. Ошондоктун ар бир мусулман тамак-аш, дары-дармек жана башка азыктарды колдонууда кармин сыяктуу кошулмаларга көңүл буруусу зарыл», — дейт ал.

Диний уюм кармин — кошенил тобундагы ургаачы курт-кумурскалардан өндүрүлгөн кармин кислотасынан алынган кызыл боёк экенин белгилейт.

«Кармин кислотасы сууда эрүүчү кызгылт көк түстөгү зат. Кармин кислотасын өндүрүүдө кислота органикалык эмес алюминий жана кальций туздары менен бир аз сууда эрүүчү чөкмөгө айланып, интенсивдүү түстүү кызыл тузду пайда кылат. Кармин E120 тамак-аш кошулмасы катары катталган. Ошондой эле бул түстү продукцияда “кошенил”, “кармин”, “кармин кислотасы”, “кызыл түс”, “табигий боёк”, C.I. 75470 деп жазышат. Бир килограмм кармин алыш үчүн кеминде 155000 миң кошениль өлтүрүлөт», — дейт муфтият.

Ал кармин кошулмасы күнүмдүк жашообузда тамак-аш, дары-дармек жана ар кандай азык-түлүк заттарда колдонуларын эскертет:

Exit mobile version