Site icon Reporter.kg

Курулуш агенттиги 7 саламаттык сактоо мекеменин оңдоп-түзөө иштерин аяктады

Курулуш агенттиги 7 саламаттык сактоо объектинин капиталдык оңдоп-түзөө иштерин аяктады. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Бул объектилердин курулушу республикалык бюджеттен, жана «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк Фондусунан» каржыланды. Объектилердин долбоордук кубаттуулугу – 595 койка-орун.

Бейтапканаларга жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, жаңы терезелер жана эшиктер орнотулган. Ошондой эле полдорун жаңы линолеумга алмаштырып, жылуулук системасы жасалган. Андан сырткары, чатырдын, электрмонтаж, сантехника, вентиляция жана жылытуу жабдуулары толугу менен жаңыртылган.

Оңдоп түзөөдөң өткөн бейтапканалардын тизмеси:
1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы №59 техникалык лицейдин профилин 150 орундуу стационарга өзгөртүү;

2. Баткен облусунун Баткен шаарындагы Салихов көчөсүндөгү 90 койкалуу поликлиниканы оңдоп түздөө;
3. Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарындагы 60 орундуу жалпы дарыгерлер практикалык борборуну оңдоп түздөө;
4. Чолпон-Ата шаарындагы 70 орундуу райондук оорукананы оңдоп түздөө жумуштары;
5. Чуй облусунун Кемин районунун Орловка шаарчасындагы 45 орунга ылайыкталган оорукананы капиталдык оңдоп түздөө;
6. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук ооруканасынын 150 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык оңдоп түздөө жумуштары;
7. Баткен облусунун Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы ФАПты капиталдык оңдоп түздөө жумуштары.

Exit mobile version