Site icon Reporter.kg

Курулуш компаниясы ижарага алган 54 сотых жер мамлекетке кайтарылды. УКМК себебин айтты

Бишкекте курулуш компаниясы 49 жылга ижарага алган жер тилке соттун чечими менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, «Р.С.М.» компаниясы Бишкектин мэриясынан турак жай комплексин куруу үчүн 0,54 га (54 сотых) жер тилкени 49 жылга ижарага алган. Бирок ал компаниянын турай жай курууга жетиштүү каражаты болбогондуктан, башка бир компания (буйрутма аткаруучу) менен келишим түзүп, курулуш иштерин жүргүзүүнү аларга тапшырган. Ал компания курулуш үчүн керектүү акчаны топтоо максатында салынып жаткан батирлерди үлүштүк негизде 100дөн ашык кишиге саткан.

Бирок кийинчерээк «Р.С.М» ЖЧКсынын ээси өз милдеттерин аткарбай, эч себепсиз берки компания менен түзгөн келишимин үзүп салган. Жыйынтыгында үйдү салып жаткан компания курулушту аягына чыгара албай, акча салган адамдардын алдындагы милдеттенмелерин аткара албай калган.

Жер тилкенин баасы 132 млн 170 миң сомду түзөт.

Бул маселеге УКМК кийлигишип, натыйжада соттун чечими менен 0,54 га жер мамлекетке кайтарылган. Атайын кызматтан белгилешкендей, эми аталган жерди курулушту бүткөрүү үчүн үйдү салып жаткан компания ала алат.

Exit mobile version