Site icon Reporter.kg

Куш тумоосу. Түндүк Казакстан облусунда 100 миңден ашуун канаттуу кырылды

Түндүк Казакстан облусунда куш тумоосунан улам дагы жети калктуу конуш карантинге жабылды.

Алардын ичинен бешөө Кызылжар районуна карайт.

Муну менен санитардык блокпост орнотулган калктуу конуштардын саны 18ге жетти.

Расмий маалымат боюнча ушул тапта Казакстандын түндүгүндө 108 миң куш өлдү. Алардан жогорку патогендуу H5 вирусу табылган. Калган канаттууларды сактап калуу үчүн жапырт эмдөө жүрүүдө. Казак бийлиги 75 000 вакцина коротулганын, 11 айылда дезинфекциялык барьерлер орнотулганын билдирди.

Түндүк Казакстан ветеринария башкармалыгынын билдирүүсүндө: «Азыр буфердик зона түзүп жатабыз. Карантин зоналарын курчаган бардык калктуу конуштагы канаттуулар эмделүүдө. Республика куш тумоосуна каршы 108 миң вакцина бөлдү. Өлгөн 108 миң канаттуунун ичинен 94 миңи фабрикаларга, калгандары жеке чарбаларга тиешелүү», – деп айтылат.

Куш тумоосу Акмоло, Костанай, Павлодар жана Караганды облустарында да тараган.

Акыркы жолу куш тумоосу Түндүк Казакстан облусунда 2005-жылы катталган.

Кишилер куш тумоосуна чалдыккан жок. Өлгөн канаттуулар менен иштеген 400дөй киши медициналык көзөмөлгө алынды.

Exit mobile version