Site icon Reporter.kg

Куткаруучулар аска-тоолордо машыгууда — сүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын өздүк курамы күжүрмөн даярдыкты камсыздоого катышууда. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, отряд командири майор К. Шариповдун жетекчилиги менен куткаруучулар кечээтен бери талаа шартында жүрүшөт. 3 күндүк машыгуунун натыйжасында тоо шартында куткаруу иштери жүргүзүлүп, куткаруучулар бул багытта өз тажрыйбасын арттырат.

Ошондой эле, кызматкерлер бийик аскаларга чыгып-түшүү, жабыркаган жарандарды куткаруу, издөө жана башка атайын даярдыктардан өтүшөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version