Site icon Reporter.kg

Кутманова: Мындай уятсыздыктан таң калгам, эми нес болуп отурам

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу «Кумтөр» кенинде канадалыктар тарабынан жол берилген бузуулар тууралуу фактылар менен бөлүштү.

Анын билдирүүсүнө  ылайык, кен байлыктын тазалоочу курулмалардын ар кайсы жерине таштандылар – химиялык түзүлүштөрдүн контейнерлери, цианиддер, май чүпүрөктөр, инженердик тетиктердин калдыктары (тралдар, экскаватор чакалары, тетиктер ж.б.) көмүлгөн.

«Кызматкерлердин айтымында, 25 унаа көмүлгөн жана аларды табыш керек. 2012-жылы мен мөңгүлөрдө пайда болгон кара тоолорду көрүп нес болгом. Буга чейин мөңгүлөргө 1 млрд тоннадан ашык таштандылар төгүлгөн. Мен мындай уятсыздыктан таң калгам, эми кайра нес болуп отурам. Эмне дешимди билбей турам!»,- деп жазган Кутманова.

Ошондой эле ал Центерраны коргоп жаткандарга дагы кандай факты керектигин айтып, «Канадада аларга ушундай кылууга уруксат берет беле?»,- деген суроону салган.

«Эми биздин укук коргоо органдары экологиялык мыйзам бузууларды аягына чейин чыгарып, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартып, келтирилген зыяндын токтоосуз ордун толтуруш керек!», — деп жазып калтырган ал.

 

 

 

 

Exit mobile version