Site icon Reporter.kg

Куугунтукка кабылдым деген Матраимовдун өкүл баласы менен Ташиев жолукту – сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновду кабыл алды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык,  УКМК жетекчиси айыл өкмөт башчыны  кабыл алууга  анын  буга чейинки кайрылуусу себеп болгон.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө УКМК башчысы М.Сайпидиновдун арызын угуп чыгып, тиешелүү бөлүмдөргө видео кайрылуудагы баардык маалыматтар объективдүү жана ар тараптуу изилдеп чыгуу тапшырмасын койгон.

Өз кезегинде К.Ташиев УКМК саясаттын тышкары деп баса белгилеп, саясий жана башка мотивдер боюнча куугунтуктоо менен алектенбегендигин билдирген.

Белгилей кетсек, буга чеийн УКМК Кара-Суу районуна караштуу Савай жана Сарай айыл өкмөт башчыларынын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Андан кийин айыл өкмөт башчылары видео кайрылуу жарыялашып, бул көрүнүштү куугунтук катары баалашкан.

 

Exit mobile version