КУУнун ректору Канат Садыков: Өкмөттөн кызматыңды тапшыр деген сунуш түштү

КУУнун ректору Канат Садыков: Өкмөттөн кызматыңды тапшыр деген сунуш түштү

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков окуу жайдын ректорлугуна Каныбек Осмоналиевди алып келүү боюнча аркеттер болуп жатканын тастыктады.

Садыковдун айтымында, анын кызматтан кетишине учурда эч кандай негиз жок.

“Мага өкмөттөн, “өз каалоңуз менен кызматтан кетиңиз” деген сунуш түштү. Негизи, кызматымды тапшырышым үчүн мага окуу жайдын кызматкерлери ишенбөөчүлүк көрсөтүшү керек да. Эгер мен ооруп же башка себептер менен кызматтык милдетимди аткара албай калсам,  анда окуу жайдан бир адамга ректордун милдетин аткаруу жүктөлүп, үч айдын ичинде шайлоо дайындалышы керек. Эреже боюнча шайлоо өткөрбөй туруп, кайсы бир адамды сырттан алып келип, ректор кылып койгон болбойт”, – деди Садыков.

Буга чейин “Репортёрго” өздүк булактар, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиевдин КУУга ректор болуп келерин кабарлаган.

Эреже боюнча Улуттук университеттин ректорун окуу жайдын кызматкерлери шайлап, өкмөт бекитет.

Канат Садыков 2017-жылдын май айынын соңунда ректор болуп шайланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>